Кепилдик фонду 10 айда өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө 1,8 млрд сом багыттаган
22 ноябрь

Кепилдик фонду 10 айда өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө 1,8 млрд сом багыттаган

Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсы тарабынан 2 миллиард 744 миллион сомдон ашык суммага 2687 кепилдик берилген.  Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Берилген кепилдиктердин 90%ы 1 млрд 784 млн сом өлчөмүндө өлкөнүн аймактарында бизнести өнүктүрүүгө багытталган.

Бул аралыкта Жалал-Абад облусунда кепилдиктерди пайдаланган ишкерлердин саны 611 адамды түздү. Кепилдиктердин суммасы 246 миллион сомдон ашты.

Андан тышкары:

  • Ош облусунун жана Ош шаарындагы ишкерлерге 194 миллион сомдон ашык суммага 366 кепилдик берилди,
  • Чүй облусунун ишкерлерине 337 миллион сомдон ашык суммага 435 кепилдик,
  • Ысык-Көл облусуна 305 миллион сомдон ашык суммада 245 кепилдик,
  • Баткен облусуна 126 миллион сомго 249 кепилдик,
  • Талас облусуна - 212 миллион сомдон ашык суммага 236 кепилдик,
  • Нарын облусунда 119 миллион сомдон ашык суммага 223 кепилдик берилген.