Грузия Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж долбоорун колдойт
Бишкек шаарында бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Андан соң ЖМК үчүн билдирүү жасалды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзгөчө көңүл эки мамлекеттин транспорттук байланышы жана транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерине бурулду.
Президент Садыр Жапаров Грузия уникалдуу географиялык абалы жана Кара деңиздеги өнүккөн порттук инфраструктурасы менен Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук байланышты камсыздоодо маанилүү роль ойногондугун айтты.
Буга байланыштуу эки өлкөнүн транспорт жана логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ.
“Атап айтканда, 2024-жылдын июнь айында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюга жетиштик. Аталган долбоорду ишке ашырууга 9 миң жумушчу жана 6 миңден ашуун техника тартылды. Бул долбоор аймактагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп, Евразия мейкиндигиндеги заманбап транспорттук архитектуранын ажырагыс бөлүгүнө айланат”, - деп билдирди президент.
Мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу региондогу негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири жана эл аралык транспорттук коридорлордун маанилүү элементи болорун баса белгиледи.
Анын айтымында, долбоор аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жана андан ары Грузиянын деңиз портторуна кеткен маршруттар боюнча жүк ташуунун көлөмү бир нече эсе көбөйөт, бул соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жана Евразиянын транспорттук маршруттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе соода-экономикалык, айыл чарба, туризм, маданият, спорт, экология жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
