Энергетика министрлиги: Электр тармактарынын атайын техника паркы жаңыланды
28 июль

Энергетика министрлиги: Электр тармактарынын атайын техника паркы жаңыланды

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкө тургундарын жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны системдүү түрдө чыңдоону улантууда. Бул багытта электр тармактарынын атайын техника паркы заманбап техникалар менен толукталууда.

2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары үчүн алынган жалпы суммасы 50,8 млн сомду түзгөн 8 даана кран-манипулятордун жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаанын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

 Иш-чарада министр техникалык паркты жаңылоо энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн арттырууда, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүдө жана энергетиктер үчүн коопсуз, заманбап эмгек шарттарын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

«Техниканы жаңыртуу күз-кыш мезгилинин алдында өзгөчө мааниге ээ болот, анткени бул маалда энергетикалык системага түшкөн жүк жогорулайт. Жаңы унаалар энергетиктердин ишин тездетип, жолу татаал аймактарда да жумуштарды натыйжалуу аткарууга, электр линияларын коопсуз тейлөөгө жана штаттан тышкары учурларда электр энергиясын калыбына келтирүү мөөнөтүн кыскартууга шарт түзөт.

Ошону менен катар, заманбап техникалар кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртып, алардын коопсуздугун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатат», – деди Алтынбек Рысбеков

Министр белгилегендей, атайын техникаларды жаңылоо электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылууга, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.