Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт
Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында өттү.
Тараптар малдарды эмдөө, ветеринардык препараттарды сатып алуу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстан «ВНИИЗЖ» мекемесинен ветеринардык препараттарды сатып алып, бул багыттагы кызматташууну кеңейтүүнү пландаштырууда. Ошондой эле
Кыргызстандын 10 сүттү кайра иштетүүчү ишканасына Россияга продукция экспорттоого уруксат берилгени белгиленди.
Жолугушуунун соңунда Сергей Данкверт Адилет Сотовалдиевди 7–10-октябрда Москва шаарында өтүүчү «Алтын күз» агроөнөр жай көргөзмөсүнө чакырды.
