Ысык-Көл форелин уруктандырууда жаңы жабдуулар курулду
ЗАО «Кумтөр Голд Компани» 500 000 сом каражатты ГП «Тоң балык өстүрүүчү заводу» мамлекеттик ишканасына балык кармоочу верша, шандорлор жана кызматкерлер үчүн жатакана куруу максатында бөлүп берди.
Балык кармоочу верша – бул балыктар тар кире бериштен кирип, кайра чыга албай калган атайын кармоочу шайман.
Шандорлор (же шандор) – гидротехникалык курулуштун суу чыгарчу жерин жабуу үчүн колдонулган металл, темир-бетон же жыгач устундардын комплекти.
Учурда балык кармоочу верша курулуп бүттү жана ал эми кийинчерээк Ысык-Көл форели балыгынын уругун алуу жана көбөйтүү максатында жасалма жол менен уруктандырууга колдонулат.
