Ошто “Ала-Тоо” породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү
8 сентябрь

Ошто “Ала-Тоо” породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү

Ош облусунда 7-сентябрда эт-май багытындагы жаңы “Ала-Тоо” породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети дубанынан фермерлер катышты.

Облус жетекчиси көргөзмөгө коюлган койлор менен таанышып чыккандан кийин жалпы катышуучуларга кайрылып, жаңы породанын маанилүүлүгүн белгиледи.

Көргөзмө “Ала-Тоо” породасындагы койлордун таймашы менен улантылып, мыктыларга баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Маалыматка ылайык, түштүк аймагында чыгарылган эт-май багытындагы “Ала-Тоо” породасы кыргыз койлорун гиссар кочкорлору менен аргындаштыруу жолу менен алынган.