МСК базарлардын администрацияларын салык салуудагы өзгөртүүлөр менен тааныштырды
Мамлекеттик салык кызматы базарлардын администрацияларынын өкүлдөрү менен салык мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага салык органдарынын кызматкерлери жана «Дордой», «Мадина», «Кудайберген», «Элитстрой», «Дордой дыйкан», «Азиз» жана башка базарлардын администрациясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу түшүндүрмөлөр берилди, тактап айтканда:
– Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасындагы 0,1% жана 1% ставкалары жоюлуп, алардын ордуна жылдык жүгүртүүсү 50 миллион сомго чейинки субъекттер үчүн 0,5% өлчөмүндөгү бирдиктүү ставка киргизилди;
– Салык төлөөчүлөргө патенттин негизинде салык төлөөнүн ыкмаларын тандоо укугу берилди. Соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн субъекттер учурдагы календардык жылда күтүлүп жаткан кирешесине жараша патент боюнча салык төлөй алышат;
– Жалпы салык режимин колдонгон субъекттерге, патент менен иштеген же өзгөчө салык режими колдонулган соода аймактарындагы субъекттерден алынган товарлар боюнча чыгымдарды салыктык чегерүүгө кошууга тыюу салынды;
– Патенттин негизинде иштеген субъекттер үчүн экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө чектөө киргизүү;
– Импорттук операцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө өзгөчө режимди колдонгон субъекттер үчүн чектөө киргизүү.
Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында ишкерлер менен тыгыз кызматташууну улантат.
