
Бишкекте МЖӨ боюнча III эл аралык конференция өтөт
Бишкекте 16-17-октябр күндөрү МЖӨ боюнча III эл аралык конференциясы өтөт.
Конференция салттуу түрдө үчүнчү жыл күч-аракеттерди бириктирүү жана биргелешкен натыйжалуу сунуштарды жана пландарды түзүү үчүн диалогдук платформа болуп кызмат кылып келе жатат жана Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азия регионунун экономикасынын негизги тармактарында МЖӨнүн жардамы менен туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүгө, ошондой эле эл аралык деңгээлде учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган.
Конференция өлкөдөгү МЖӨнү өнүктүрүүнүн негизги этаптарын чагылдырууга, топтолгон тажрыйбаны чагылдырууга жана Кыргыз Республикасынын МЖӨ борборун түзүлүшүнүн беш жылдык мезгилинин жетишкендиктерин көрсөтүүгө багытталат.
Иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилигинин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, финансылык институттардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу күтүлүүдө.
Катышуучулар МЖӨнү заманбап ыкмаларын пайдаланууда топтолгон тажрыйбасын, дүйнөдөгү актуалдуу, саясий жана экологиялык чакырыктарды эске алуу менен МЖӨнүн учурдагы абалына жана келечегине карата өздөрүнүн эксперттик пикирлери жана көз караштары менен бөлүшүшөт.