сүрөт: depositphotos.com
1 сентябрь
Кыргызстан Өзбекстандын калемпирин эң көп сатып алган экинчи өлкө болду
2026-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан 18 өлкөгө жалпы 4,6 миң тонна калемпир экспорттоп, андан 6,2 млн доллар киреше тапты.
Кыргызстан Өзбекстандан калемпирди эң көп сатып алган экинчи өлкө болду. Жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 1,2 миң тонна калемпир жеткирилген.
Өзбекстандын калемпирин эң көп Кытай сатып алган – 1,6 миң тонна.
Андан кийинки орундарда Казакстан – 489,6 тонна, Россия – 310,6 тонна, Испания – 286 тонна, Түркия – 220 тонна жана АКШ – 149 тонна турат.
Калган 326 тонна өзбек калемпири башка өлкөлөргө экспорттолгон.
Ошентип, Кытай менен Кыргызстанга Өзбекстандан экспорттолгон калемпирдин жалпы көлөмүнүн 2,8 миң тоннасы, башкача айтканда, 60 пайыздан ашыгы туура келген.
