МСК мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөө керектигин эскертет
11 июль

МСК мүлк салыгын 1-сентябрга чейин төлөө керектигин эскертет

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек:

  • турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),
  • үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган.