453 миллиард 542 миллион сом суммасында өнөр жай продукциялары өндүрүлүп
3 декабрь

453 миллиард 542 миллион сом суммасында өнөр жай продукциялары өндүрүлүп

Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылуусу жана өнөр жай ишканалары үчүн керектүү товарларды алып келүү, аларга кызмат көрсөтүүлөр боюнча аткарылган иш-чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2023-жылдын 13-июнундагы чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле өнөр жай ишканаларынын өндүрүштүк ишин колдоо жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Анын айтымында, 2024-жылдын январь-октябрында 453 миллиард 542 миллион сом суммасында өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, өсү темпи былтыркы жылга салыштырмалуу 5,3% түздү.

Талкуу маалында депутат Мирлан Самыйкожо импорттолуп жаткан товарлардын канчалык деңгээлде өз мамлекеттеринде субсидияланып жаткандыгын так аныктоо керектигин айтты. Баяндамачы бул пикирди колдоп, мамлекеттин ишкерлерди колдоо боюнча аракеттеринин көпчүлүк бөлүгү демпингге каршы чараларды жүргүзүүгө багытталганын кошумчалады.

Ал эми депутат Алишер Козуев «Кыргызиндустрия» ААКны колдоо үчүн бөлүнгөн субсидиялардын көлөмү 2 миллиард сомго жеткенин эске салып, бул каражаттарды натыйжалуу пайдалануу керектигин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү аталган багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү сунуштады. Депутат Марат Мураталиев фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана бул тармакка чет элдик инвестицияларды тартуу маселелерин ортого салды.

Жыйынтыгында Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы эске алынды.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Мыйзамынын долбоору Укук бузуулар жөнүндө кодексин аткаруу бийлик органдарын реформалоого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын бекитүүгө ылайык келтирүү, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, өнөр жай коопсуздугу, тоо-кен көзөмөлү жана жер казынасын коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдү толук ишке ашыруу, ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга өз убагында бөгөт коюу боюнча чараларды ыкчам кароо жана кабыл алуу максатында иштелип чыккан.