Кытайдын Чунцин шаарында Кыргызстандын соода павильону ачылды
Кытайдын Чунцин шаарында 26-сентябрда Кыргызстандын «Соода павильонунун» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашт.
Маалыматта айтылгандай, ал КР Экономика министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан расмий түрдө авторизацияланган.
Ачылыш аземине КР экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.
Соода павильонунун аймагында жыл бою улуттук продукциялар – бал, алкогольдук ичимдиктер, кондитердик азыктар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка товарлар сатыкка чыгарылат.
Өзгөчө популярдуулукка кыргыз балы кошулган автордук кофейлик суусундуктар жана кытай чайлары ээ болууда, аларды Чунцин шаарындагы Соода павильонунда даамдап көрүүгө болот.
