“Шыкмаматов электрондук капчыктан акчаны шыпырып алат деп ойлоо жаңылыштык” – МСК төрагасы салык карызкорлору тууралуу
Мамлекеттик салык кызматы салык карызкорлордун жеке электрондук эсебинен керектүү сумманы өндүрүп алуу эрежесин ушул жылдын январь айынан тартып киргизген.
Бул чечим коомчулукта кызуу талкууну жараткан.
МСКнын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов түшүндүргөндөй, электрондук эсептен карызды өндүрүп алуу жарандардын түйшүгүн бир топ жеңилдетет. Ал “Шыкмаматов электрондук капчыктан акчаны шыкылдатып шыпырып алат” деп ойлоо жаңылыштык экенин белгиледи.
Анын айтымында, буга чейинки эрежеде салык карыздары боюнча документти Мамлекеттик салык кызматы сот аткаруучуга жиберчү. А сот аткаруучу карызкордун үйүнө, автоунаасына арест коет. Ошондой эле карызкордун өлкө аймагынан чыгуусуна бөгөт жасалат.
“Эмнеге салык карызы пайда болот? Бул кайдыгерликтен, тоготпостуктан. Төлө деп айтсаң, билгениңди кыл деп коюшат. Анан сот аткаруучуга жиберебиз. Ал тийиштүү чараларды көргөндөн кийин, карызы бар жаран өлкө аймагынан чыга албай калат. Качан гана кайсы бир жакка учуш керек болгондо, өлкөдөн чыга албай айласы куруйт дагы, чуркап барып карызын төлөйт. Мисалы, миң сом деп коелу. Бирок ошону менен бүтпөйт. Мыйзам боюнча сот аткаруучуга төлөмдүн 20 пайызын төлөп бериши керек болот. Андан сырткары туум деген бар. Төлөгүчө алты ай, бир жыл өтүп кетсе, миң сому эки миң сом болуп калышы мүмкүн. Болду, төлөдүм, эми үйүм менен автоунаамды аресттен чыгар дегенде дагы башталат – кагазды көтөрүп, тигиге барат, буга барат, кагуу жейт. Мамлекетке нааразычылыгы күчөйт. Биз ушундай түйшүктүн баарын жеңилдетип койдук, электрондук капчыгынан карыз суммасын алып коебуз, болду”, – деди ал.
Шыкмаматов белгилегендей, бул эрежеге калктын 90 пайызы макул, каршы болуп жаткандар болгону 10 пайыз.
Ошондой эле анын айтымында, жаңы эреже боюнча дароо эле жеке эсептен акчаны алып коюшпайт. Алгач бир ай мурда карызкозго СМС билдирүү, электрондук почтасына билдирүү жана жашаган жерине кат аркылуу маалымдама жиберишет. Жаран бир айдын ичинде эгерде чечимге макул болбосо, өз угунун коргоп, талашып-тартыша алат. А эгерде кайдыгер болсо же тоготпой койсо, анда бир айдан кийин эсебинен акча алынат.
