“Келме келтирип, бата берип жөнөттүк”: Шыкмаматов кыргызстандык тигүүчүлөрдүн товары Россияга киргизиле баштаганын айтты
3 апрель

“Келме келтирип, бата берип жөнөттүк”: Шыкмаматов кыргызстандык тигүүчүлөрдүн товары Россияга киргизиле баштаганын айтты

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Биринчи радионун” эфиринде буга чейин кыргызстандык тигүүчүлөр Россияга товарын киргизе албай келсе, азыр бул маселе акырындык менен чечиле баштаганын айтты. 

“Кыргызстандык тигүүчүлөр “өз киндигин өздөрү кесишкен”. Бирок кийинчерээк Россия чек арасын абдан бекемдеди. Бизге кыянаттык кылуу үчүн эмес, өзүнүн бюджетин толтуруу үчүн. Бизге кирген товарлар салык төлөбөйт экен деп чек арасын тосуп ташташты. А биздин ишкерлер документи жок ташып көнүп калышканга, кыйынчылыкка дуушар болушту. МинКаб төрагасы Москвага байма-бай каттап жатып, бул маселени ордунан жылдырды. Маркетплейстер үчүн электрондук эсеп фактураны тез арада жасап киргиздик. Учурда Ozon, Wildberriesте электрондук эсеп фактура аркылуу иш башталды”, – деди ал. 

МСК төрагасы аталган маркетплейстерге кыргызстандык тигүүчүлөрдүн товарынын алгачкы партиясы Россияга жеткенде, аны “космоско жеткендей” эле кубануу менен кабыл алышканын белгиледи. 

“Ишкерлерибизге келме келтирип, бата берип жөнөткөнбүз. Товар жетип, кампага түштү деп кабарлашканда, абдан кубандык. Космоско жүк жеткиргендей эле кабыл алдык. Жол азабы деген бар да, улам токтотуп, эмне деген түйшүк. Азыр иштеп жатышат. Буйруса, абалдан чыгуунун жолу табылды. Эми аны күндө оңдоп-түзөп, түз линияда болуп туруш керек. Чечилбеген маселе жок дегендей, бул дагы бир алты айда даңгыр жолго түшүп калат”, – деди Шыкмаматов. 

Ошондой эле ал келечек – санарип форматыныкы экенин, кааласак, каалабасак дагы ага даяр болушубуз керектигин эскертти.