Салык кызматы бирдиктүү салык боюнча жаңы ченем иштеп чыкты
20 август

Салык кызматы бирдиктүү салык боюнча жаңы ченем иштеп чыкты

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөн салык төлөөчүлөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотууну сунуштоодо.

Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп келишкен. Бул салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналган.

Бул маселени жөнгө салуу максатында Салык кызматы тиешелүү ченемди иштеп чыкты. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында мындай салык төлөөчүлөргө карата салыктык жоопкерчилик чаралары колдонулбайт. Документ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине мыйзам долбооруна киргизүү үчүн жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын август айындагы салыктык милдеттенмелерден тартып, төлөө мөөнөтү 2026-жылдын сентябрь айында келген учурда, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык сөзсүз түрдө эсептик каттоого турган жер боюнча төлөнүшү керек.

Ушуга байланыштуу салык төлөөчүлөргө эсепке турган жерин жана салыктарды төлөө үчүн реквизиттерин алдын ала текшерүү, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү салык менен сатуудан алынуучу салыктын туура эсепке түшүшүн камсыз кылуу сунушталат.

Эске салсак, бирдиктүү салык боюнча отчет салык төлөөчүнүн эсепке турган жери боюнча белгиленген мөөнөттөрдө берилет, ал эми бирдиктүү салык да ошол жер боюнча төлөнөт.

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыктык милдеттенмелерин аткарууда аталган талаптарды эске алууга чакырат.