Каракөл ГЭСин куруу иштери акыркы этабына келди
30 сентябрь

Каракөл ГЭСин куруу иштери акыркы этабына келди

КР Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду колдоо саясатын жүргүзүп келет.

Бул демилгенин алкагында өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору жигердүү ишке ашырылууда. Бул багыттын жаркын бир мисалы болуп Каракөл ГЭСинин курулушу эсептелинет.

Бүгүнкү күндө “Чакан ГЭС” ААК Каракөл ГЭСин куруу иштерин 90 % аяктады.

Учурда Каракөл ГЭСтин негизги курулушу болгон:

  • ГЭС имараты, анын ичиндеги негизги жана көмөкчү жабдуулар орнотулган машина залы;
  • башкы суу алуучу курулушу;
  • чыгуу каналдары;
  • басым түтүкчөлөрүндөгү жумуштар соңуна чыгарылды.

Ошондой эле, ГЭСтен чыгарылган электр энергияны тармакка кошуучу көмөкчордондун жана 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу 100% ишке ашырылып, учурда релелик коргоо жана автоматика, 10 кВ чыңалуусундагы кабелдерди монтаждоо иштери жүрүүдө.

Бардык курулуш-монтаждоо иштери инвестициялык келишимдин графигине ылайык жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Станциянын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты, ал эми орточо жылдык электр энергиясын өндүрүүсү 110 млн. кВт.саатты түзөт. Каракөл ГЭСинин курулушу болжол менен быйылкы жылдын аягына белгиленген.