Кыргызстандын Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров Соода өкүлчүлүктө конокто
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жана Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнө келип, кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Нурбек Сатаров Нарын облусунун экологиялык таза, сапаттуу жана даамдуу балы менен түрк рыногун ири көлөмдө камсыздоо үчүн биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жүн жана терини иштетүү боюнча дүйнөдөгү эң өнүккөн кластерлердин бири саналган Түркиянын тажрыйбасын пайдалануу менен Нарын аймагында күчтүү өндүрүштүк базаны түзүү, чогултуу жана сорттоо иштерин жолго коюу, заманбап технологияларды колдонуу аркылуу экспортко багытталган продукция чыгарууга түрк ишкерлерин кызыктыруу маанилүү экенин айтты.
Нарын облусунун кооз жаратылышын, тарыхый-маданий объекттерин эске алуу менен Түркиянын туристтик агенттиктери менен туризм багытында кызматташууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле анын Түркиянын Стамбул, Газиантеп жана Низип шаарларында соода-экономикалык кызматташуу боюнча бир катар инвесторлор менен жетишилген макулдашууларды Соода өкүлчүлүк менен биргеликте улантуу, бул иш-аракеттердин алкагында жакынкы аралыкта Нарын облусуна инвестициялык иш сапар уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.
Мындан сырткары, Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга түрк ишкерлеринин Нарын облусуна боло турган бизнес-турдун жүрүшүндө кол коюла турганы белгиленди.
