Руслан Казакбаев Албаниянын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү
11 июль

Руслан Казакбаев Албаниянын жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү

2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Албания Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев Тиранада соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Албаниянын Премьер-министринин кабинетинин башчысы Синди Душку менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссияны түзүү, соода үйлөрүн ачуу, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес миссияларын алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Албан тарапка кеңири чөйрөдө эки тараптуу кыргыз-албан кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган түрдүү тармактардагы макулдашуулардын долбоорлору берилди.

Тирананын мэри Ануэла Ристани менен жолугушууда эки мамлекеттин борборлору – Бишкек менен Тирананын боордош шаар мамилелерин түзүү аркылуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланып, шаарлар ортосунда түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча Меморандумдун долбоору тапшырылды.

Элчи Р.Казакбаев Албаниянын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин (AIDA) директору Лаура Плаку менен жолугушууда КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен AIDAнын ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тактап айтканда, кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумга кол коюу, инвестициялык институттардын жетекчилеринин Тирана жана Бишкек шаарларына өз ара иш сапарларын уюштуруу, бизнес форумдарды жана B2B жолугушууларын өткөрүү сунушталды.

Тирананын Соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Албана Лакнори менен болгон баарлашуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы соода мамилелерин арттыруу жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.А. Сариевди жана Кыргызстанга келүүгө чакыруу жөнөттү, ошондой эле Кыргызстан менен Албаниянын кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу үчүн палаталар ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана «Ала-Тоо Resort» долбоорунун презентациясы болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бизнес-форумдарды уюштуруу, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана тиешелүү соода жана өнөр жай мекемелеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.