Кыргызстандагы креативдүү экономика: талантты, идеяны акчага айландыруу
Кыргызстанда «Креативдүү индустриялар ассоциациясы» 2019-жылы түптөлгөн. Мындай ассоциация Борбор Азия өлкөлөрүндө бир гана Кыргызстанда бар. Анын директору Назгүл Кубакаеванын айтымында, креативдүү экономика биздин өлкө үчүн жаңы түшүнүктөрдүн бири.
“Биз расмий түрдө 2019-жылдын 19-октябрында каттоодон өткөнүбүз менен ага чейин эле, 2017-жылдан тартып иштеп келгенбиз. Учурда 50 компанияны бириктирип, креативдүү индустриянын ар кайсы тармагын өнүгүү жолуна тартып келебиз. Ошол 50 компания 1000ден ашуун жумуш орундарын түздү”, – деди ал.
Айтымында, 2017-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн креативдүү экономика боюнча форуму Астана, Алматы жана Ташкент шаарларында өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандын атынан биринчи катышуучу – Оlolo компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Айнура Аманалиева болгонун да белгилей кетүү керек. Анткени, бул тарых.
“Креативдүү экономика – бул адамдын эмгегин, талантын, идеясын акчага айлантуу жана анын негизинде жумуш орундарын түзүү менен өлкө экономикасынын өсүүсүнө салым кошуу. Биздеги жаратмандардын максаты – социалдык же саясий жактан эмес, дүйнөгө маданиятыбыз менен таанымал болуу. Биздин ассоциация Борбор Азияда биринчилерден болуп түзүлгөн. Биз өзүбүздү кайык элестетебиз, эгерде калак менен сууну жиребесек, шамал же суу толкуну башка багытка буруп же төңкөрүп салышы мүмкүн”, – деди Назгүл Кубакаева.
