Кыргызстан демилгелеген ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди
3 декабрь

Кыргызстан демилгелеген ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстан демилгелеген ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынында КРнындемилгеси менен ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №78 чечими менен бекитилген «ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизүү» колдоого алынды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Өзгөртүүлөр башка мүчө мамлекеттерде катталган дары-дармектерди мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси менен таануу тартибин киргизүүгө багытталган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, дары-дармектердин аналогдору мамлекеттин рынокторунда жок болгон учурда, мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы алардын каттоосун таануу тартибин баштай алат. Бул учурда каттоо референт-мамлекетте жүргүзүлгөн экспертизалардын негизинде, кандайдыр бир алымдарсыз же башка төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.

Жаңы тартиптин максаты – дары-дармектердин каттоосу экономикалык жактан пайдалуу эмес болгон, суроо-талап төмөн деп бааланган мүчө мамлекеттерде дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Ошол эле учурда мындай дары-дармектер саламаттыкты сактоо системасы үчүн маанилүү болуп саналат, анткени алар, адатта, чектелген көлөмдө же атайын медициналык жардам үчүн колдонулат.

Бул тартипти колдонуу менен дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүгө, пациенттердин сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде бирдей шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Маалымат үчүн: ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 29-ноябрында видео байланыш форматында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты.