Кыргызстан 2026–2027-жылдары экономикалык өнүгүү үчүн АӨБдан $450 млн алат
Бүгүн, 23-июндагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жана мамлекеттик күзөт органынын ишин өркүндөтүүгө багытталган.
Андан тышкары, жыйында «2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого ээ болду.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Алкактык макулдашуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Тагыраагы, анын жалпы суммасы 500 млн АКШ долларын түзөт.
Муну менен катар «2025-жылдын 26-июнунда кол коюлган, 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду жана 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
