Москва районунда сабиздин экинчи түшүмүн алууга даярдык көрүлүүдө
22 июль

Москва районунда сабиздин экинчи түшүмүн алууга даярдык көрүлүүдө

Калктын сабизге болгон керектөөсүн камсыз кылуу максатында, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары ,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, сабиздин экинчи түшүмүн алуу максатында себилген жер тилкелерине текшерүү (мониторинг) иштери жүргүзүлдү.

2025-жылы Чүй облусунун Москва районунда жалпы 1293 гектар аянтка сабиз эгилген. Ал эми сабиздин экинчи түшүмүн алуу үчүн район аймагындагы кошумча 223 гектар жерге да сабиз себилген. Тактап айтканда:

  • Нарзан айыл аймагында – 8 гектар,
  • Мин-Булак айыл аймагында – 215 гектар.

Бул иш-аракеттер сабиз боюнча ички керектөөнү камсыздоо жана базардагы бааларды туруктуу кармоо максатын көздөйт.

Айрыкча сугат сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн бул жерлерде тамчылатып сугаруу системалары колдонулууда. Бүгүнкү күндө район боюнча жалпысынан 1132 гектар аянтта тамчылатып сугаруу технологиясы иштеп жатат. Бул ыкма суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга чоң жардам берет.

Аталган мониторингдин жыйынтыгында жеринде иштер өз деңгээлинде жүрүп жатканы белгиленди. Экинчи түшүмдөн алынуучу сабиз ички рынокту камсыздоого жана элдин суроо-талабын канааттандырууга багытталган.