Бишкекте кыргыз-казак бизнес-форуму болуп өттү
Бишкекте кыргыз-казак бизнес-форуму болуп өттү, деп кабарлайт КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы.
Иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган иш-чара конструктивдүү диалогдун алкагында өттү.
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова форумдун ачылышында сөз сүйлөп, эки өлкөнүн кызматташуусу региондук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Форумга Казакстандын соода вице-министри Кайрат Торебаев, Кыргызстандын экономика министринин орун басары Санжар Болотов жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев катышты.
Жолугушууда эки тараптуу сооданы өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор, экспорттук-импорттук операциялардагы тоскоолдуктарды жоюу жана агроөнөр жай, энергетика, санариптик экономика тармагындагы кызматташтык боюнча маселелер талкууланды.
Форумдун алкагында ишкерлер b2b жолугушууларды өткөрүп, түз байланыштарды түзүү жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн шарт түзүлдү.
Белгилей кетсек, форум Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын Соода саясатын өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулган.
