«Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
4 февраль

«Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Маалымат менен суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев тааныштырып:

«Мыйзам долбоору өлкөдөгү мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргыз Республикасында асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууга багытталган», – деп билдирди. 

Талкуу маалында депутат Санталат Аманова малдын санын арттыруу, мал чарба продукциясын өндүрүүнү жогорулатуу үчүн фермерлерге кредиттик каражаттарды берүүнү көбөйтүү маселесин белгиледи. Депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусундагы мал аткезчилигин токтотуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын билдирди. Депутат Медер Чотонов чийки сүттүн баасы төмөн бойдон калып жатканын айтып, бул жыл сайын фермердик чарбалардын рентабелдүүлүгүнө коркунуч келтирерин кошумчалады.