Күрөөлөрдү онлайн каттоо сервисинин ишке киргизилиши боюнча даярдык көрүлүүдө
22 июль

Күрөөлөрдү онлайн каттоо сервисинин ишке киргизилиши боюнча даярдык көрүлүүдө

Бүгүн, 22-июлунда КР Улуттук банкынын имаратында коммерциялык банктардын жана банк эмес каржылык кредиттик уюмдардын кызматкерлери үчүн күрөөлөрдү онлайн каттоо сервисин киргизүү жана жакынкы ишке ашырылышы боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү.

Иш-чара Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги менен “Түндүк” мамлекеттик мекемеси биргеликте уюштурулуп, санариптик кызматтарды өнүктүрүү багытындагы маанилүү кадамдарды талкуулады.

Азыркы учурда Жер агенттиги жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу күрөөлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке ашырууда. Анда тесттик режимде иш жүрүп жатат. Семинардын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү онлайн арыздарды тапшыруу тартибин, каттоо процессин, зарыл документтердин тизмесин жана каржылык уюмдарга керек болгон башка маалыматтарды кеңири тааныштырышты.

Ошондой эле, банк жана микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү сервис боюнча сунуш-пикирлерин берип, анын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштар кабыл алынды.

План боюнча жаңы онлайн кызмат 2025-жылдын 10-августунда толук ишке киргизилет. Бул санариптик инновация каржы секторундагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип, мамлекеттик органдар менен каржы рынокунун катышуучуларынын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.