Чоң-Алайда тикенексиз чычырканактын биринчи түшүмү алынууга даяр
Чоң-Алай районундагы жеке ишкерлер тарабынан Россиянын Алтай аймагынан алынып келинген тикенексиз чычырканак көчөттөрү биринчи түшүмүн берүүгө даяр болууда. Инья, Клавдия жана Алтай сорттору отургузулуп, көчөттөрдүн 90% мөмө байлашкан. Ар бир түптөн орточо 8–12 кг түшүм алынаары күтүлүүдө.
Өсүмдүктөр тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өстүрүлүп, бул суу ресурстарын үнөмдөөгө жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Даяр продукциянын базардагы баасы 250–380 сомдун тегерегинде болот деп күтүлүүдө. Бул фермерлер үчүн кирешенин жаңы булагы катары каралууда.
Жергиликтүү дыйкандар арасында тикенексиз чычырканакка кызыгуу жогорулап, аймактын агрардык потенциалына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
