Элчи Руслан Казакбаев Черногориянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Нина Дракич менен жолугушту
2025-жылдын 18-июлунда Черногониянын Подгорица шаарында Кыргыз Республикасынын Черногориядагы Элчиси Руслан Казакбаев менен Черногориянын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Нина Дракичтин жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен экономикалык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Элчи Р.Казакбаев Кыргыз Республикасында өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жөнүндө маалымат берип, келечектүү кызматташуунун негизги багыттары катары агроөнөр жай комплекси, энергетика, кен казуу тармагы жана туризмди белгиледи.
Кыргызстандын инвестициялык потенциалына өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча ири долбоор тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, Элчи бизнес-форумду жана Черногориянын бизнес делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну сунуштады, ошондой эле, Нина Дракич айымды Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен байланыш түзүү үчүн биздин өлкөгө келип кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз тарап эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумду түзүүнү, ошондой эле бир катар биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштады.
Элчи Р.Казакбаев ошондой эле Түркиянын жана Россиянын Черногориядагы Элчилери менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө Черногория жана Балкан аймагындагы башка башка мамлекеттер менен кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
