ИИМде банктардын жана уюлдук операторлордун сервистерин Укук бузуулардын бирдиктүү реестри менен интеграциялоо чаралары талкууланды
22 июль

ИИМде банктардын жана уюлдук операторлордун сервистерин Укук бузуулардын бирдиктүү реестри менен интеграциялоо чаралары талкууланды

Ички иштер министрлиги калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган заманбап санариптик куралдарды илгерилетүү боюнча жигердүү иштерди улантууда.

2025-жылдын 22-июль күнү  ИИМдин борбордук аппаратында коммерциялык банктардын жана уюлдук операторлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Иш-чарага 18 банктын жана 3 уюлдук байланыш операторунун өкүлдөрү катышты. 

Көңүл борборунда Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин өнүктүрүү жана анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду. Жарандарга айып пулдун бар экендиги жөнүндө маалымдоону, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөнү жеңилдеткен санариптик чечимдерди интеграциялоого байланышкан маселелер талкууланды. Ички иштер органдарынын, каржы уюмдарынын жана мобилдик байланыш компанияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн техникалык жана юридикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу сервистерди киргизүү чечими кабыл алынды.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-майындагы №153 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.