КР СӨП менен KOSGEB ортосунда иш-чаралар планына кол коюлду
18 сентябрь

КР СӨП менен KOSGEB ортосунда иш-чаралар планына кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форуму өттү.

Жолугушууда экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият, билим берүү тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында документтерге кол коюлду, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен KOSGEB (Түркия Республикасынын Чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүү жана колдоо уюму) ортосундагы иш-чаралар планы».

Бизнес-форумда КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев сөз сүйлөп, учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө салым кошкон масштабдуу мамлекеттик реформалар жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Темир Сариев Түркия Кыргызстан үчүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи: өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык, маданий жана экономикалык байланыштар чыңдалып, соода жана инвестициялык кызматташтык тынымсыз өсүүдө. Кызматташтыктын ийгиликтүү мисалдарынан эл аралык класстагы «Шератон» мейманканасын, «Демир Банктын» ишмердүүлүгүн, курулуш, айыл чарба, өнөр жай жана банк секторуна инвестицияларды атады.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти түрк ишкерлерин жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бизнес-идеяларды, технологияларды жана инвестицияларды айкалыштыруу менен Кыргызстандагы реформаларга, инфраструктуралык жана инновациялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Ал Кыргызстанда түзүлүп жаткан Улуттук инвестициялык фонд, ошондой эле иштеп жаткан кыргыз-орус жана кыргыз-өзбек фонддору ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.