Кипр бизнеси Кыргызстан менен өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов Кипрдин Кыргызстандагы элчиси Кипрос Йоргаллис менен жолугушуу өткөрдү.
Уюмдан кабарлашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламдашып, эки тараптуу ишкердик байланышты чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Элчи Йоргаллис Кипр бизнеси Кыргызстан менен өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Кипр тарабы алдыдагы жылы эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу иштерин баштоого даяр экенин билдирди.
Ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргызстан–Кипр бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул иш-чара эки өлкөнүн ишкерлерине түз байланыш орнотууга, жаңы багыттарды аныктоого жана соода, инвестиция, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду талкуулоого шарт түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу диалогду улантууну жана экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашышты.
