Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5,5% түздү
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Мында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 5,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын баалары – 7,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарлардын баалары – 3,3 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери – 8,3 пайызга жогорулады.
Керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалды.
Мында баалардын эң жогорку өсүшү (12,5 пайыз) Ош облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын бааларынын (17,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (9,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (21,8 пайызга) жогорулашынын эсебинен болду.
Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын эң чоң өсүшү (8,9 пайызга) Ысык-Көл облусунда белгиленди.
