Кытайлык сатып алуучулар Кыргызстандын продукциясына кызыгууда
Кытайдагы КР Экономика министрлигинин соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен КРЭКМге караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору Чунцин шаарындагы Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн өкүлдөрү үчүн тааныштыруу жолугушууларынын жана экскурсиялардын сериясын уюштурду.
- Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы өлкөнүн алдыңкы экспорттоочу:
- «Дары-Тяньшаня» ЖЧК
- «Продимпекс» ЖЧК («Сонун» бренди)
- «Кыргыз Коньягы» ЖЧК
- «Абдыш-Ата» ЖЧК
- «Амангринфуд» ЖЧК ишканаларынын өндүрүштүк объектилерине барып чыкты.
Сапардын негизги максаты — түз ишкерлик байланыштарды түзүү, Кыргызстандын экспорттук потенциалын тааныштыруу жана кыргыз өндүрүүчүлөрү менен Кытайдын сатып алуучуларынын ортосунда кызматташтыкты чыңдоо болду.
