Ошто этке бирдиктүү баа киргизилди
24 сентябрь

Ошто этке бирдиктүү баа киргизилди

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин төрагалыгы астында эттин баасын жөнгө салуу маселеси боюнча жыйын болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, жыйынга ветеринардык кызматтын, антимонополиянын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, эт сатуучу дүкөндөрдүн ээлери катышты.

Жыйында 1 кг уйдун этине бирдиктүү баа 600 сом, ал эми кой этине 620 сом болуп бекитилди.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундарынан эттин баасы 650 сомго чейин жетип жаткандыгы тууралуу арыз, даттануулар келип түшкөн.

Ошондой эле, учурда этти экспорттоого тыюу салгандыгына байланыштуу этин баасы төмөндөгөндүгү белгиленди.