Асыл тукум малды урктары фермерлерге акысыз таратылууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен мамлекеттик бюджеттен 60 млн сом атайын бөлүнүп, ири мүйүздүү малдын сапатын жакшыртуу боюнча программа ишке ашырылууда.
Анын алкагында Аббердин-ангус, Симментал, Швиц жана Голштин породаларынын элита жана элита-рекорд класстагы уруктары фермерлерге акысыз таратылууда.
Бул программа малдын асыл тукумун жакшыртып, өндүрүмдүүлүктү көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Саны чектелүү болгондуктан, убагында пайдаланып калуу зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн бардык облустардагы Айыл өкмөттөргө жана райондордогу ветеринардык башкармалыктарга кайрылуу зарыл.
