Төрөбаев Ташкентте “Борбор Азия – Европа Биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шарында “Борбор Азия – Европа Биримдиги” үчүнчү экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Форумда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев, экономика, жашыл энергетика, транспорт, маанилүү кен байлыктарысыяктуу бир катар тармактарда аймактар аралык кызматташуунун чыңдоонун жана өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле, форумдун алкагында Бакыт Төрөбаев Евробиримдиктин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы учурдагы кызматташтыгы сүйлөшүлдү.
Анда, Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууда Европа Биримдиги жана Европа институттары тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалады.
