Министр Жээнбек Кулубаев Лондон фондулук биржасына барды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 26-февралында Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Лондон фондулук биржасына барды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөлүк деңгээлдеги эң байыркы жана ири баалуу кагаздар соода аянтчаларынын бири болгон биржанын соода сессиясы расмий түрдө ачылды.
Кыргыз Республикасы менен Лондон фондулук биржасынын ортосунда суверендүү еврооблигацияларды чыгаруу маселелери боюнча натыйжалуу кызматташуу тажрыйбасы бар.
Аземдин соңунда министр биржанын ардактуу коноктор китебине эскерүү жазуусун калтырды.
