Кыргызстан өзүнүн ширеңкелерин чыгарууну пландап жатат
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү ширеңке продукциясын өндүрүүчү алдыңкы өзбек ишканасы — «MILLENIUM LIGHT» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Ишканага болгон сапардын жүрүшүндө Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулуктар, технологиялык цикл жана өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү менен таанышышты. Продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкештигине жана анын экспорттук потенциалына өзгөчө көңүл бурулду.
Күн тартибиндеги негизги маселе өндүрүштү жергиликтештирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу изилдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасына ширеңке продукциясын түз жеткирүүнү уюштуруу үчүн механизмдерди жана логистикалык каттамдарды иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.
Соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, бул долбоор логистикалык чыгымдарды оптималдаштырууга, ички рынокту сапаттуу ширеңке продукциясы менен камсыз кылууга, ата мекендик өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна чыгууга чоң кызыгуусун билдирди.
Өзбек тарап биргелешкен ишкана түзүү долбоорун кароого жана жакынкы аралыкта өндүрүштүк-экономикалык маалыматтар менен өз ара алмашууну баштоого даяр экенин ырастады. Бул кызматташуунун келечегин жана анын экономикалык натыйжалуулугун ар тараптуу баалоого мүмкүндүк берет.
