Талас облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды
10 июль

Талас облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө кызматынын Талас облусу боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан айыл чарба багытындагы жерди мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

Текшерүү учурунда Айтматов районунун Шекер айылынын тургундары А.Ж. жана К.И. аларга таандык эмес айыл чарба багытындагы жер тилкесине тиешелүү уруксат кагаздары жок сарай куруп алышканы белгилүү болду.

Бул мыйзам бузуу боюнча жеринде акт түзүлүп, мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн эскертүүлөр берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 239 жана 242-беренелеринин негизинде айып пул салынып, толугу менен өндүрүлдү. Ошондой эле, бул боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.