Кыргызстанда россиялык катышуусу бар 1800дөн ашуун компания иштеп жатат
26 ноябрь

Кыргызстанда россиялык катышуусу бар 1800дөн ашуун компания иштеп жатат

2025-жылдын ноябрына карата Кыргызстанда россиялык катышуусу бар 1800дөн ашуун компания иштеп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Президент белгилегендей, бул Кыргызстандагы бардык чет элдик компаниялардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

"Россиянын түз инвестициялары быйылкы жылдын алты айында 110 миллион АКШ долларын түздү. Биз Кыргызстандын рыногун изилдөөгө жана иш алып барууга кызыккан россиялык ишкерлерди ар дайым кубаттайбыз жана алардын ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз", деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз ара кызматташтыкка дем берүү максатында Кыргызстанда россиялык инвесторлор ассоциациясын түзүү боюнча россиялык өнөктөштөрдүн демилгесин толук колдойбуз деди.

"Бул Ассоциация биздин бизнес коомчулуктардын, россиялык инвесторлор менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ортосундагы натыйжалуу диалог аянтчасына айланат. Биз ошондой эле Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын акыркы жыйынынын жыйынтыктарын карап чыктык. Эки тараптуу экономикалык алакаларды өнүктүрүүдө негизги драйверлердин бири болуп калган Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине жогору баа бердик. Түзүлгөн күндөн тартып Фонд Кыргызстандын экономикасына бир миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салып, республиканын аймагындагы үч жарым миңден ашуун долбоорду каржылады.  Натыйжада инвестициялардын жалпы көлөмү Фонддун баштапкы уставдык капиталынан эки эсеге көбөйдү", деди ал.