Маанилүү! Эми кириштөө документинин жардамы менен товарларды мыйзамдаштырууга болот
5 март

Маанилүү! Эми кириштөө документинин жардамы менен товарларды мыйзамдаштырууга болот

Эми кириштөө документинин жардамы менен товарларды мыйзамдаштырууга болот, деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, салык мыйзамдарын сактоо жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары боюнча) соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн товарларды легалдаштыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода зоналарында жаңы кагаз түрүндөгү документ – кириштөө документи киргизилет. Бул документ товардык операцияларды мыйзамдаштырууга, эсепке алуу процесстерин жакшыртууга жана бизнес үчүн тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Кириштөө документи – бул баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо, же алар туура эмес таризделген болсо, товарларды каттоого мүмкүндүк берген расмий документ. Аны колдонуу бизнес-процесстердин ачыктыгына жана салыктык эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүнө карай маанилүү кадам болуп саналат.

Салык төлөөчүлөр үчүн негизги артыкчылыктар:

Товарларды легалдаштыруу – баштапкы документтери жок товарларды эсепке алуу мүмкүнчүлүгү;

Документтерди жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү – товардык операцияларды легитимдештирүү үчүн кошумча курал;

Эсепке алуунун ачыктыгы – салык контролунун сапатын жогорулатуу жана салык калдыгынын же айыптык санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу.

Кириштөө документин тариздөө үчүн салык төлөөчүлөр салык органына кайрылып, тиешелүү форманы толтурса болот. Жол-жоболор жана талаптар жөнүндө толук маалымат салык кызматынын расмий баракчаларына жарыяланат.

Бул жаңыланууга көңүл буруп, товарларды легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн өз убагында колдонууну суранабыз.

Товарларды 2025-жылдын 1-апрелине чейин гана мыйзамдаштырууга болот!

Белгилей кетсек, бул кириштөө төмөнкүлөргө тиешелүү эмес:

•алкоголдук, тамеки буюмдары, дары-дармек каражаттары, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдары;

•мунай жана мунай азыктары (ТНВЭД 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды кошпогондо);

•текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө салык кызматынын чечимдери же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимдери бар товарлар.