Алар документи жок эле Кыргызстанга айдоо кол каптарын алып кирүүгө аракет кылышкан
«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, «М.П.» ЖЧКнын өкүлү «А.А.Р.» катышуусунда Италиядан келген почта жөнөтмөлөрүнө бажылык текшерүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада эч кандай жүк коштоочу документтери жок 700 даана «Sparco» жана «Alpinestars» соода маркасындагы, автоунаа каражатын айдоо үчүн кол каптар табылган. «М.П.» ЖЧКсынын аракеттеринде бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу аракетинин белгилери аныкталган.
КР Соода-өнөр жай палатасынын жана «Түндүк» темир жол бажысынын Төлөмдөрдү эсепке алуу жана статистика бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, КР бюджетине келтирилген зыяндын жалпы наркы, туумдарды кошкондо 491 018 сомду түзгөн. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
