Кыргызстанда алгачкы ирет "Арстанбап" жаңгагына Географиялык көрсөткүч күбөлүгү ыйгарылды
Бүгүн, 10-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Жаныбек Керималиевдин катышуусунда Географиялык көрсөткүчтү (ГК) каттоо маселелери боюнча тегерек стол уюштурулду.
Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын тарыхында алгач ирет «Арстанбап» жапайы жаңгактын Географиялык көрсөткүчү катталгандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшырды.
«Арстанбап» жапайы жаңгактын Географиялык көрсөткүчүн башкаруу ассоциациясынын мүчөлөрү жана чакырылган адистер документтерди даярдоо жана каттоо процедурасынан өтүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле иштетүүчү мүчө ишканаларда Географиялык көрсөткүч боюнча процедураларды колдонуу жана жапайы жаңгакты катталган Географиялык көрсөткүч катары илгерилетүү пландары тууралуу маалымат беришти.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү өлкөдө ГКнун илгерилетилиши, мыйзамдык талаптар жана каттоо процедуралары тууралуу маалымат беришти.
Тегерек столдун катышуучулары потенциалы жогору кыргыз продукциясын ГК катары каттоого даярдоо жана мамлекеттик органдар менен донордук уюмдардын колдоосу маселелерин талкуулашты.
Жеке сектор менен мамлекеттик органдардын кызматташтыкты чыңдоо, Кыргызстан продукциясынын максималдуу саны боюнча ГК катары каттоого даярдоо жана аны улуттук жана эл аралык рынокто илгерилетүү чечими кабыл алынды.
