КР менен РФнын соода жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө
29 январь

КР менен РФнын соода жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өнөр жай кооперациясын чыңдоо боюнча негизги маселелер, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Тараптар өнөр жай боюнча жумушчу топтун жана өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында биргелешкен ишти активдештирүүнү макулдашып, 2025-жылы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнөр жай кооперациясын чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү перспективасын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлор эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономика тармактарына алдыңкы технологияларды киргизүүгө негиз болоруна ишеним билдиришти.