Кыргызстан менен Өзбекстан соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү
15-июлунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Өзбекстан Республикасынын инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Хуррам Тешабаевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки мамлекеттин башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды талкуулашты.
Өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн негизги механизмдеринин бири болгон Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун алкагындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү өзүнчө каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар системалуу биргелешкен ишти улантууга, жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
