Самаков: Ветеринардык кызматынын вакцинасы келгиче, айылдарда эл малды керосин менен дарылап коюшту
2 апрель

Самаков: Ветеринардык кызматынын вакцинасы келгиче, айылдарда эл малды керосин менен дарылап коюшту

Малдын ар кандай ооруларына болгон вакцина жана дары-дармектер өз убагында жетпегендиктен, айылдарда адамдар малды өз билгениндей дарылашууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков билдирди.

Ал Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаковго кайрылып, Кыргызстанда малдын ооруларына карата канча дары-дармек акысыз таратыларын тактады.

Исаковдун айтымында, буга чейин токтом боюнча малдын 22 оорусуна каршы дары-дармек мамлекет тарабынан акысыз камсыздалышы керек болчу. Бирок анын ичинен 9у гана акысыз таратылып келген. Анын ичинде шарп оорусуна каршы дары дагы бар. Ал эми азыр эпизоотикалык кырдаалга байланыштуу, оорулардын тизмеси 75ке чейин көбөйтүлдү.

“Ушул 75 оорунун арасынан кайсынысы Кыргызстанда пайда болсо, биз ошого керектүү вакцинага тапшырык беребиз”, – деди директордун орун басары.

Депутат ошондой эле жыл сайын дары-дармекке канча акча бөлүнөрүн сурады эле, Исаков 500 миллион сомго жетерин айтты. 

Самаков ушунча каражат бөлүнүп жатса дагы, айылдарга малдын ар кандай ооруларына каршы дары-дармектер жетпей жатканын, анын айынан эл малын шарп оорусунан куткаруу максатында мурдуна керосин, солярка сүйкөп, өздөрү билген антибиотиктер менен дарылаганын белгиледи.

“Дары-дармектерди убагында таратууга, вакцинаны убагында даярдоого эмне тоскоолдук болуп жатат? Силердин дары-дармегиңер баргыча, эл малды өздөрү дарылап, көбү айыга баштады. Бирок малдын мурдуна сүртүлгөн керосин, ичкизилген антибиотик сүткө өтүшү мүмкүн. Азык-түлүк коопсуздугу жаралып жатпайбы”, – деди ал.

Исаковдун айтымында, вакцина тапшырык кылгандан кийин аны 2 ай күтүүгө туура келет. Шарптын жаңы тиби боюнча вакцина тапшырык кылынганына 1 ай болду, демек, дагы бир айдан кийин даяр болот.