Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик экономикалык форуму болуп өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бир катар эки тараптуу келишимдер жана меморандумдар түзүлдү.
Форумдун алкагында «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен «Таджагропромэкспорт» мамлекеттик ишканасынын ортосунда айыл чарба продукцияларынын өз ара жеткирүүлөрүн өнүктүрүүгө жана соода-экономикалык алакаларды чыңдоого багытталган өз ара соода жөнүндө келишимге кол коюлду.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери эки өлкөнүн улуттук азык-түлүктөрүнүн көргөзмөсүнө катышып, анда «Кыргыз Агрохолдинг» ААК аскер кызматкерлер үчүн арналган жеке тамак-аш рационун көрсөтүп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.
«Кыргыз Агрохолдинг» ААК жетишилген макулдашуулар мындан ары да эки өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыгындагы жемиштүү кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камсыздайт деген ишенимде.
