Ысык-Көл облусунда алмурут түшүмү жакшы болуп, экспорт жогорулады
17 сентябрь

Ысык-Көл облусунда алмурут түшүмү жакшы болуп, экспорт жогорулады

Ысык-Көл облусунда быйылкы алмурут түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болду. Натыйжада сатып алуучулардын саны көбөйүп, баалар жогорулады.

Алмуруттар учурда Алматы шаарына экспорттолуп кетүүдө.

Сатуучулар алмуруттарды муздаткычта сактап, Жаңы жылга чейин сатууну пландашууда. Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар баасы:

  • «Токой» – 55–60 сом/кг
  • «Талгарка» – 50 сом/кг
  • «Апорт» – 35 сом/кг
  • «Рашида» – 25 сом/кг
  • «Томсон», «Кандил», «Кыргызский» – 20 сом/кг

Фермерлердин айтымында, акыркы жылдары алмурут бактарын өстүргөндөр көбөйүп, жаңы сортторду эксперимент катары эгип жаткандар көп болууда. «Токой» сорту акырындык менен калыбына келип, жакшы түшүм берип жатат.

Акыркы беш жыл ичинде 30дан ашык жаңы сорт чыгарылган. Жылдан-жылга көп түшүм алган дыйкандар айдоо жерлерин көбөйтүүнү пландап жатышат.

Алмурут минералдарга жана витаминдерге бай болгондуктан, кош бойлуу аялдарга сунушталат. Жегенде арыктоого, холестерин деңгээлин төмөндөтүүгө жана организмди чыңдоого жардам берет.