Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Ош облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 818,9 млн сом каржылады
17 сентябрь

Финансы министрлиги 2025-жылдын 8 айына карата Ош облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 818,9 млн сом каржылады

Ош облусу боюнча 2025-жылдын 8 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 670,2 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:

1. Теңдөөчү трансферттер – 450,4 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (статисттин эмгек акысы) – 13,2 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 24,4 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 71,9 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 12,4 млн сом;
6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 42,6 млн сом;
7. “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө – 4,0 млн сом.