
Бекжан Рысмендеев Ашхабадда өткөн Координациялык платформанын ачылышына катышты
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Транскаспий транспорттук коридорунун жогорку деңгээлдеги Координациялык платформасынын ачылышына катышты. 3-октябрда өткөн иш-чара аталган коридордун боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүн чогултту.
Транспорт жаатында кызматташууну бекемдөө, ортодогу алаканы арттырууга салмактуу салым кошкон жолугушууда министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев сөз сүйлөп, алгач иш-чараны уюштурган Европа комиссиясы жана Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигине ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстан Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө кызыкдар жана инфраструктура менен мультимодалдык логистиканы жакшыртуу боюнча демилгелерди колдой турганын айтып өттү.
Белгилей кетсек, Координациялык платформа — долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө, инвестицияларга көмөктөшүү, кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн күчтүү курал.
Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Түркмөнстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө аталган мамлекеттин Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев менен жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Тараптар эки өлкөнүн жүк жүгүртүүсү кыйла көбөйгөнүн баса белгилеп, бизнес өкүлдөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү менен көйгөйлөрдү биргеликте чечүүнү макулдашты.