Кыргызстан менен европалык компаниялар индустриалдык парк жана инвестициялык фонд түзүү боюнча меморандумдарга кол коюшту
18 май

Кыргызстан менен европалык компаниялар индустриалдык парк жана инвестициялык фонд түзүү боюнча меморандумдарга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыковдун катышуусунда «Edelweiss Group», «Piper Deutschland AG», «Swisscows AG», «BRUGG» жана «Mountain Wolf» өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Тараптар инвестициялык, өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү, ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө Евразиялык индустриалдык-финансылык парк жана Кыргыз-Швейцария инвестициялык фондун түзүү демилгелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында «Edelweiss Group» менен эки багыт боюнча меморандумдарга кол коюлду:

– Евразиялык индустриалдык-финансылык парк түзүү;
– Кыргыз-Швейцария инвестициялык фондун түзүү.

Бул демилгелер инвестиция тартууну күчөтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.